"Манас Ааламы" көргөзмө-сынагы жыйынтыкталды

  08.05.13   11:19
 484

Кечээ, 7-майда, Гапар Айтиев көркөм искусство музейинде, "Манас" жаштар ордосу жана "Улуу Баян" коомдук фонду тарабынан өткөрүлүп жаткан "Манас Ааламы" көргөзмө-сынагы жыйынтыкталып, жеңүүчүлөргө акчалай белектер ыйгарылды.

Сынактын уюштуруучуларынын бири сүрөтчү Замир Илиповдун айтымында, мындай көргөзмөнү уюштуруу идеясы зарылчылыктан улам келип чыккан. "Манас тууралуу китеп чыгаралы десек эле сүрөт издеп таппай калып жаттык. Манас тематикасына Герценден кийин, дагы бир эки эле чоң сүрөтчү кайрылып тартпаса, андан бери карай бир дагы көзгө урунуктуу, алгылыктуу иштер жокко эсе экен. Сынактын башкы максаты – бул кыргыздын миң жылдык тарыхын чагылдырган Манастын чексиз ааламын коомчулукка таанытуу", - деди Илипов.

Калыстар тобуна Доктурбек Нургазиев, Айнакан Молдокматова, Таланталы Бакчиев сыяктуу көрүнүктүү искусствовед, манас таануучу, жана сүрөтчүлөр киришти.

Мыкты ишти аныктоодо негизги басым маани маңызын ачып берүү, композициялык чечилиши жана аткаруучулук чеберчилигине жасалды.

Көргөзмөгө жалпысынан 73 чыгарма сунушталып, анын ичинен живопись, графика, скульптура, көркөм-курак искусство багытында 60 иш тандалып алынган. Баш байгени Алакунов Айып алып, 20 миң сом менен сыйланды. Экинчи орунга (15 000сом) Нурлан Кебек уулу татыктуу деп табылса, Жолдунов Нурбек үчүнчү байгени (10 000 сом) алып кетти.

Уюштуруучулар сынакты салттуу кылып, жыл сайын өткөрүүнү пландашууда.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223760

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.