Мончо меши жарылып кеткендиктен эки бала каза болду

  08.05.13   11:34
 304

Жайыл районундагы жеке мончолордун биринин меши ысык суусу менен жарылып, анын кесепетинен эки бала каза болду. Бул тууралуу Чүй облустук ИИБнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 8-майда, түн ортосунда Жайыл райондук ИИБга аймактык дарыгерлерден маалымат келип түшкөн. Алар 7-май күнү саат 21:50дө оорукананын реанимация бөлүмүнө 38 жаштагы эркек адам, 28 жаштагы аял менен алты жана төрт жаштагы эки бала келип түшкөндүгүн кабарлаган. Жабырлангандардын бардыгына териси ысык сууга жана бууга күйүп калган деген диагноз коюлган.

Күйүктүн кесепетинен эки бала өздөрүн келе албай жатып, реанимациядан жан беришкен. Ал эми ата-энелеринин абалы оор бойдон калууда.

Милиция бул үй-бүлө таанышынын үйүнө коноко келип, жуунуп жаткан учурда мончонун мешинан ысык суу берүүчү түтүгү жарылып кеткендигин айтышууда.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223761

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.