Ысык-Көл облусунда жел кайык спорту боюнча Жеңиш Кубогу старт алды

  08.05.13   11:09
 272

Ысык-Көл облусунда Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш Күнүнүн 68 жылдыгына арналган жел кайык спорту боюнча Жеңиш Кубогу өтүп жатат. 1942-жылы курчалган Ленинграддан балдар алынып келинген Балыкчы шаарынан регата башталды.

Жел кайык жарышында Россия менен Кыргызстандын яхтсмендери катышышат. Алар Балыкчыдан Чолпон-Ата шаарына чейин сүзүп барышы керек. Ал жерде жеңүүчүлөргө ардагерлердин катышуусу менен мелдештин негизги байгелери ыйгарылат.

Жеңиш Кубогунун ачылышына Россиянын Кыргызстандагы элчиси Андрей Крутько, Ысык-Көл облусундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Асанакунов, Кыргызстандагы Жел кайык спорт федерациясынын президенти Владимир Кирик, Балыкчы шаарынын ардагерлери, блокадниктер жана тыл эмгекчилери катышышты.

Жеңиш Кубогунун биринчи ачылышына карата ШККУга кирген бардык мамлекеттердин желеги көтөрүлдү. Кант авиабазасынын учкучтары көргөзмөлүк учууларын көрсөтүшүп, Балыкчы шаарынын администрациясы тарабынан даярдалган концерт өткөрүлдү.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223762

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.