Кыргызстандын төрагалыгы астында ЖККУ менен ЕККУнун кызматташтыгын таткууланды

  08.05.13   12:38
 278

Москвада Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖКУУ) туруктуу жана толук ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Ильязовдун төрагалыгы астында бул уюмдун Туруктуу кеңешинин жыйыны өтүп, анда ЖККУ менен Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) ортосундагы өз ара байланышты чыңдоо перспективалары каралды. Жыйын Россияга келген ЕККУнун чатактарды токтотуу боюнча борборунун директору Адам Коберацкийдин катышуусу менен өттү.

"Эки уюм тең катчылар аркылуу бири-бири менен байланышып турат. Бул жана башка эл аралык кадыр-барктуу структуралар менен кызматташтыкты чыңдоо 2012-жылы Москвада өткөн ЖККУнун Жаматтык коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынында айтылган болчу. Ушул жыйында ЖККУга төрагалык кылуу Кыргызстанга өткөн ",- деп белгилейт Ильязов.

"Негизинен эки уюм Афганистандын согуштан кийинки калыбына келүүсү, терроризм жана наркотрафик менен күрөшүү жаатында биргелешип иш алып барууда",- дейт ал.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223766

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.