Кыргыз балетинин артисттери Венада тажрыйба топтошту

  08.05.13   12:04
 296

Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын солисттери Асел Айдарова жана Талант Осмонов Вена мамлекеттик операсында тажрыйба топтоп келишти.

Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрыны жаш солисттери, Кыргызстандын эгемендүүлүк алгандан берки чет жакада тажрыйба топтогон алгачкы артисттер. Бул иш сапар "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фондунун жардамы менен ишке ашты. Уюштуруу иштерин жана каржы жагынан Автсриядагы Кыргызстандын элчилиги менен аталган мамлекеттин биздин өлкөдөгү консулдугу көмөктөштү.

Чолпонбек Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайынын бүтүрүүчүлөрү бишкектик сахнада бир нече жылдан бери бийлеп келишет. Асел Айдаровуа менен КРдин эмгек сиңирген артисти Талант Осмонов өз күчтөрүн модерн-балетте да сынап жатышат. Венада биздин жердештер бир жумадан ашык убакыт өткөрүштү. Алар классикалык жана заманбап хореография менен алектенип, Бий музейи жана бир нече спектаклдерге барышты.

"Биз Вена мамлекеттик операсынын башкы балетмейстери, Рудольф Нуриевдин окуучусу Мануэл Легри менен тааныштык. Бул адамдар мен үчүн – балет иконалары. Биз аларды мурда теледен көрүп суктанып келсек, күтүүсүз алар менен жакындан таанышып кол алышуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Бул абдан сонун", - деди Асел Айдарова.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223767

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.