ДЕБРА АУБдун акча салуучуларына каражаттар төлөнө баштаганын билдирди

  08.05.13   12:43
 271

"АзияУниверсалБанк" ачык акционердик коомунун (ААК) атайын администратору болуп эсептелген Банктарды кайра түзүү жана реструктуризациялоо агенттиги (ДЕБРА) АУБдун үчүнчү кезектеги кредиторлоруна 25 миң сомго чейинки төлөмдөрдү берүү башталганын билдирди. Үчүнчү кезекте кредиторлорго (депозиттер боюнча) банк менен байланышпаган баалуу кагаздары жок жеке тараптар кирет.

Кредиторлорго төлөмдөрдү төлөө КРдин "Консервациялар, ликвидациялар жана банктардын банкрот болуусу" жөнүндөгү мыйзамынын 51-беренесине ылайык ишке ашырылмакчы.

Агенттик берген маалыматка таянсак, эсептер "Залкар Банк" ААКнын филиалдарында 2010-жылдын 29-декабрындагы КРдин Улуттук банкындагы улуттук валюта курсу аркылуу жүргүзүлөт.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223768

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.