Акелеев: Каржы министрлигине эски команданы алып келүүгө аракет кылышууда

  08.05.13   12:49
 256

Каржы министрлигинде башталган реформа кадрдык алмаштырууларга байланыштуу токтоп турат. Бул тууралуу бүгүн, 8-майда "ВБ"га Каржы министрлигинин коомдук байкоочу кеңешинин (КБК) мүчөсү Азамат Акелеев билдирди.

Анын айтымында, кызматтан алынган каржы министринин орун басары Алина Шаикова ведомстводогу реформалардын жүргүзүлүшүнө тескери таасирин тийгизүүдө.

"Биз кадрлардан улам мекемеде башталган реформалар аягына чыкпайт деп кабатырланып жатабыз",- деп белгиледи Акелеев.

Ал Каржы министрлигинин жетекчилигин алмаштырууну артында ведомстводогу реформа абдан катуу тоскоол боло турган коррупциялашкан чиновниктер олтурганын кошумчалады.

"Ведомстводогу жакшы кадрларды алмаштыруу менен айрым тараптар эски коррупциялашкан команданы кайра түзгүлөрү келип жатат",- дейт КБКнын мүчөсү.

Эскерте кетсек, премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин буйругу Кыргыз Республикасынын каржы министринин орун басары Алина Шаикова ээлеген кызматынан бошотулуп, анын ордуна Алмаз Бакетаев дайындалган.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223769

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.