Мен кантип жардам бермек элем деп кайдыгер карабаңыз

  08.05.13   13:02
 346

Бахтияр Тынчтыкбек уулу 2005-жылы 18-ноябрда төрөлгөн. Алты айынан көзүнөн жаш куюлуп, бетинде тактар пайда боло баштаган. Эки жашынан баштап оорусу ашкере болуп, профессор Балтабаев "пигментная ксеродерма" деген диагноз койгон. Кыргызстанда бул оору менен жалгыз Бахтияр ооруйт.

Азыр оорусу күчөп, шишиктер пайда болуп, жарылып баштаган. Дарыгерлер Бактиярдын дартын айыктырууга болот дешүүдө. Бирок, дарылоо иштери Москвадагы германиялык клиникада гана жасалат экен. Ага болжол менен 35-50 миң АКШ доллары кетет.

Тез арада жардам берилбесе, шишиктер көздөрүнө залакасын тийгизе баштаптыр. Азыр өзү да, энеси Зыйнат Тилекматова уктабай калышкан. Түнү менен ыйлап чыгышат. Зыйнаттын дагы эки баласы бар, күйөөсү инвалид болуп калган. Калган балдарынын, Кудайга шүгүр, дени сак. Бахтиярдын дагы ички органдарынын анализи эч кандай мандем жоктугун далилдеген.

Зыйнат: "Баланын оорусун эч кимге бербесин, Кудай! Жолдошум экөөбүз, баламды ойлонуп атып жүрөк оорулуу болдук", - дейт.

Учурда Бактиярга муфтият колунан келген жардамын берип, Бишкек Казыятына жөнөттү. Бахтияр менен энеси Токтогул шаарынын Шарипов көчөсүнүн №15-үйүнүн тургундары. Жардам берүүнү каалагандар ( 0778) 92-66-12, ( 0553) 11-73-09 байланыш телефондору аркылуу байланышса болот.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223770

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.