Рыскүл Намазбекова: Кемчиликтерди моюнга алам, эмкиде кайталанбайт

"Кыргызстан мырзасына" карата жазылган сындарга 22 жаштагы уюштуруучу Рыскүл Намазбекова редакцияга келип, өз жүйөсүн билдирди.
  08.05.13   13:31
 671

"Жаңы Агымдын" өткөн санында "Колготки кийген эркектер же "Кыргызстандын мырзасы" кантип тандалды?" деген сын макала жазган элек. Ушул эле макала "Кабар Ордо" сайтына жарыяланып, 2 күндө миңден ашык окурман окуп, социалдык тармактарда кызуу талкууга жол ачкан. Гезит чыгаары менен уюштуруучулар, конкурска катышкан жигиттер жана алардын ата-энелери чалып, биздин сынга макул эместиктерин билдиришкен эле. Көп өтпөй аталган конкурстун уюштуруучусу 22 жаштагы Рыскүл Намазбекова редакциябызга келип, айтылган сындарды кабыл аларын, эмкиде улуттук баалуулуктарга басым жасаарын айтты.

- Алгач өзүңдү тааныштыра кетсең... Эмне болуп "Кыргызстандын мырзасын" уюштуруп калдың?

- Мен Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетин кызыл диплом менен аяктагам. Кесибим уюштуруу иштеринин менеджери. Мен буга чейин коомдук иштерге активдүү катышып, бир катар чет өлкөлөргө чыгып келгем. Буга чейин мектептерде, жогорку окуу жайларда сулуулук конкурстарын өткөрүп келгем. Кудай буюрса, жогорку деңгээлдеги иш-чараларды уюштуруп, Кыргызстандагы таасирдүү адамдардан болгум келет.

- Макаланын эмнесине чычалап жатасыңар? Дооматтарыңарды конкреттештирип айтып берсең...

- Биринчиден, сынактын кыргызча өтпөгөнүн, улуттук баалуулуктарга басым жасалбаганын мойнума алам. Анткени "Кыргызстандын мырзасы" биринчи жолу өттү, анан албетте кемчиликтер болбой койбойт да. А бирок дүйнөлүк жылдыздарды тууроо боюнча сынга макул эмесмин. Мен атайын эле тапталган конкурстардан качып, өзгөчө шоу кылайын дегем. Кыздарды туураганга деле талант керек да. Ушул тапшырманы берип жатканда жигиттердин көбү каршы болду. Бирок биз элге шоу тартуулайлы деп көндүргөнбүз. Ким Леди Гаганы же Бейонсени туураса көп балл аласыңар дегем. Ар бир балага өзүм тигини же муну туура деп айтып жаттым. Эгер ушул конкурс элге жакпай калган болсо буга мен күнөөлүмүн. Бирок балдар аябай аракет кылышты. 42-өлчөмдөгү туфлини издеп табышып, аябай олуттуу көңүл бурушту. Ал эми аң-сезимин текшере турган суроолорду атайын эле берген жокпуз. Анткени биз жигиттердин билим деңгээлин эмес, сырткы келбетин сыноо үчүн уюштурганбыз. "Кыргызстан сулуусуна" катышкан кыздарга билим деңгээлин текшерген суроолор берилгенде жооп бере албай уят болуп калышкан. Ошондуктан балдарды уят кылгым келген жок. Анан да катышуучуларды гейлерге салыштырып жазганыңар жигиттердин намысына тийип, жүрөктөрүн оорутту. Алардын ата-энелери мага чалып алып, аябай нааразы болушту.

- Бул макаладан кийин Маданият министрлигинен коңгуроо болдубу?

- Чалыша элек. Негизи иш-чара өткөрүүгө уруксатты Жунусов министр болуп турганда эле алганбыз. Ал эми Султан Раевге иш-чара тууралуу үстүртөн эле айтканбыз. Раев колдой тургандыгын айткан. Эгер ушундай конкурс болорун билсе ал киши деле өз сунуштарын айтмак болуш керек. Эми ар бир иш-чараны эле аңдып тургудай анын убактысы деле жок да.

- Эмдиги жылы боло турган "Кыргызстан мырзасы" улуттук сынагын кандай элестетсек болот?

- Кудай буюрса кийинкисинде кыргыздын каада-салттарын кошобуз, жигиттер улуттук кийим кийип чыгышат. Кыргыз улуттук бийин бийллетүү боюнча да идеяларды ойлонуп жатабыз. Эмкисинде мырзалардын күчтөрүн да сынап көрөбүз. Гиря көтөрүү сыяктуу. Сентябрь, октябрь айында 25 жаштан 50 жашка чейинки аялдардын сулуулук сынагын өткөрөйүн деп жатам. Жогорку деңгээлде өткөрөбүз деп сөз берем, келип сындап кетсеңер болот.

Сын макаланы ушул жерден окусаңыз болот.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223772

 Комментарийлер:
#1 Вика
2013-05-08 16:21:16 Цитата / 0 / -

Назгул катасын мойнуна алганы туура. Демек, ойлонууга мумкунчулук алды. Бирок, ушул конкурсту откорууго каражатты короткончо, балдар уйуно же дагы башка бир зарыл иш-чараларга коротсонуздар, пайдалуу болмок. Канчалаган бала ачка калып, канчалаган карыялар багар-корору жок каза табышууда... Кыргызстандын маданиятын сулуулар сынагысыз эле онуктурууго болот.

#2 Айжан
2013-05-08 18:01:32 Цитата / 0 / -

ООба, катасын моюга алуу үчүн да эрдик керек. Азаматсың, Рыскүл

 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.