Польшада Улуу Ата мекендик согушта каза болгон кыргыз аскерлеринин сөөгү табылды

Эл аралык Кызыл Чырым комитетинин издөө кызматы жана Кызыл Жарым ай коому согушта каза болгон эки Кыргызстандык жоокердин сөөгүн табышты
  08.05.13   13:20
 633

Бул тууралуу Кызыл Жарым айдын коом менен байланыш бөлүмүнүн адиси Элден Калчакеев билдирди.

Анын айтымында, издөө кызматы 20 жылдан бери иштеп келет. Бул жыл аралыгында Улуу Ата Мекендик согуш маалында каза болгон бир топ жоокерлердин сөөктөрү табылган.

"Так бир санды айтуу кыйын. Болжолдуу түрдө гана айтсак, 2012-жылы издөө кызматына 84 арыз келип түшкөн. Ал эми табылган Кыргызстандык жоокерлер тууралуу айта турган болсок, алар: Мухамед Азизбаев менен Сейтек Орозобековдор",- деди Калчакеев.

Ал ошондой эле Азизбаев Польшада көмүлгөнүн кошумчалады. "Азизбаев болжол менен 1945-жылдын 24-февралында каза болуп, Польшада көмүлгөн. Орозобеков болсо концлагерде 1943-жылдын 24-майында каза болушу ыктымал. Мындай жоопту биз Польшадагы Кызыл Жарым ай коомунан алдык",- дейт Калчакеев.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223773

 Комментарийлер:
#1 Гулжан
2013-05-10 10:44:36 Цитата / 0 / -

Бардыгыныздарды Жениш куну менен куттуктайм! Бир жагынан соогу табылып жаткандыгына кубансан, экинчи жагынан кандай гана тагдыр менен ал жерде каза болушканын ойлоп ыйлагым келет. Жерибиздин жарым карыш жери учун душмандар менен салгылашты. Эмнелерди корушкон жок. Журогун титирейт. Бардыгына башты ийип, таазим кылам.Эч качан эстен кетпейсиздер! Ошол кездегидей, биримдик, мекенчил сезимди азыркы ар бир атуулга каалар элем.

#2  
2013-05-14 15:11:06 Цитата / 0 / -

Улуу ата-мекендик согушта, биздин жыргал турмушту ойлоп ошого бизди жеткиребиз деп курман богон ата-бабаларга, баш ийип таазим кылам.Эгер силер ошол мезгилде бүгүнкү күндү балдарыбыз, ата-энебиз жана тууган-туушкандарга алып беребиз деп, жаныңарды аябай согушта баары-бир курман болооруңарды билсеңер да биз үчүн жаныңарды кыйдыңар. деп

#2 Шах-аке
2013-05-14 15:12:38 Цитата / 0 / -

Улуу ата-мекендик согушта, биздин жыргал турмушту ойлоп ошого бизди жеткиребиз деп курман богон ата-бабаларга, баш ийип таазим кылам.Эгер силер ошол мезгилде бүгүнкү күндү балдарыбыз, ата-энебиз жана тууган-туушкандарга алып беребиз деп, жаныңарды аябай согушта баары-бир курман болооруңарды билсеңер да биз үчүн жаныңарды кыйдыңар. деп

 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.