ЕРӨБ Бишкек мэриясына таштандыны жөнгө салуу үчүн 22 миллион евро бөлүп берет

  08.05.13   13:23
 354

Бишкек шаардык кеңеши бүгүн, 8-майда болгон кезексиз жыйынында Европа реконструкция жана өнүгүү банкы (ЕРӨБ) тарабынан бөлүнө турган 22 миллион еврону турмуш-тиричилик калдыктарын жөнгө салуу системасын жакшыртуу үчүн бөлүүнү колдоду.

Бөлүнгөн каражаттар муниципалитетке жарымы грант түрүндө, ал эми калган бөлүгү келишимге кол коюлган күндөн баштап 3 жылдык жеңилдетилген мезгил менен 15 жылдык мөөнөттө насыяга берилет. Берилген каражат Бишкектеги таштанды чыгаруунун тарифин 50 пайызга милдеттүү түрдө жогорулатуу жагын да карайт.

Насыя Кыргызстандын өкмөтүнө берилет, андан соң өкмөт менен баш калаанын ортосунда кайрадан келишим түзүлөт.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223774

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.