Сурамжылоо: Кыргызстандагы студенттердин жана билим берүү тармагынын көйгөйлөрү

Респонденттерге студенттик жашоого, билим берүүгө байланышкан ыңгайлуу да, ыңгайсыз да суроолорду узаттык.
  08.05.13   14:20
 821

- Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде билим алгандар орус тилин жакшы билбей калат деген сөздүн канчалык чындыгы бар?

Шербол Жапаралиев, 3-курс:

- Менин оюмча орусчаны билүү же билбөө КТМУда окугандан эмес, адамдын өзүнөн көз каранды. Бизде окугандар орус тилин жакшы билбей калышат деген сөздө чындыктын үлүшү бар. Анткени, орусча жакшы билбегендер Манастан өнүктүрө алышпайт. Себеби сабактардын баары кыргызча жана түркчө.

- Президенттин алдындагы башкаруу академиясы неге татыктуу мамлекеттик кызматкерлерди даярдай албайт?

Жалын Жээналиев, 5-курс:

- Негизи Кыргызстанда мамлекеттик жана өз алдынча башкаруучуларды жакында эле даярдап баштады. Азыркы учурду ала турган болсок, башкаруу академиясында биртоп өзгөрүүлөр болуп, жаңы багыт алып жатат. Менимче жакынкы 5 жыл ичинде биздин бүтүрүүчүлөрдүн интеллектуалдык потенциалы жана стратегиялык ой жүгүртүүсү жогору болот деп ишенем. Азыр болсо тажрыйба аз болуп жатат окшойт.

- Өзүңүздү толук билим алдым деп эсептейсизби?

Ыргал Кадыралиева, ЖК депутаты:

- Университеттен, аспирантурадан колумдан келишинче билим алдым, Ал эми турмуштун билимин эми гана ала баштадым.

- Түркияда билим алуунун артыкчылыгы эмнеде?

Тынчтык Кубатбеков, Стамбулда магистрант:

- Биринчиден, Түркияда бардык нерсе системалашкан. Билим берүү системасы да мектептен баштап, карьераны баштоого чейин баары такташтырылган. Мамлекет билим берүүгө абдан маани берет. Стипендиянын түрлөрү көп, университеттин мүмкүнчүлүктөрү: жатакана, ден соолук борбору, спорт мекемелери баары бар. Бирок өлкө канчалык өнүксө бюрократия да ошончо өнүгөт экен, Ошондуктан бюрократия бир аз адамды чарчатат, Бирок чет өлкөлүк студенттерге кепилдик бар. Түркияда окуйм деген студенттер биринчиден, мыкты окуш керек, дүйнө таанымы кең жана англис тилин мыкты өздөштүрүшү шарт.

- Эл аралык Ататүрк – Ала-Тоо университетинде билим алган карапайым адамдардын балдары каржылык жактан кыйналып калат деген сөз туурабы?

Назира Айтбекова, аталган окуу жайдын бүтүрүүчүсү:

- Менин бүткөнүмө көп жыл болду. Биз окуп жүргөндө карапайым үй-бүлөлөргө көп жардам кылышчу. Бааларың канчалык жогору болсо, ошончолук жеңилдик берчү. Мен олимпиаданын жеңүүчүсү болгондукан 100 пайыз бекер окугам. Бирок начар баа алсаң дароо контракка которуп жиберишет. Жетишпеген үй-бүлөлөрдүн баларына жатакана берип, стипендия да төлөп турушчу. Азыр кандай экенин так билбейм.

- Жеке эле Кыргызстанда эмес, дүйнө жүзүндөгү жаштар Гарвардда окусам дегенде эки көзү төрт болот эмеспи. Гарвардга өтүш үчүн эмне кылыш керек?

Адилет-Султан Мейманалиев, Гарвардын бүтүрүүчүсү:

- Дүйнөнүн мыкты окуу жайларынын биринде окуйм деп тилек кылган жаштарыбызга ар дайым колдоо көргөзгүм келет. Себеби, көп эле учурда жаштардын маалыматы жок жана жолун так билбей кыйналышып, туура эмес чечимдерди кабыл алышат. Биринчи кадам – ички мотивацияны түшүнүү. Экинчи кадам – даярдануу. Үчүнчү кадам – документтерди тапшыруу. Бул ар бир этап өтө маанилүү. Анан албетте англис тилин мыкты билиш керек.

- Айрым мугалимдер студент кыздардын билим деңгээлин төшөк аркылуу баалары айтылып келет. Же студент тескерисинче ошондой жол менен баа алгысы келет экен. Азыркы студенттердин деңгээли ушунча түшүп кеттиби?

Гүлназ Маркисова, 4-курстун студенти:

- Мен мындай нерсени биринчи жолу угуп жатам. Билим алууда да ушундай ыкмалар колдонулуп жатканы абдан өкүндүрөт жана ойго салат. Адам өзү ичинен туруктуу болуп, баалуулуктарын туура калыптандырса эч качан мындай нерсени да ойлобойт. Бул абсурд...

- Азыркы студенттердин сүйүүгө болгон мамилеси кандай? Түгөй тандоодо кайсы критерийлер башкы ролду ойнойт?

Арген Адил уулу, 5-курстун студенти:

- Канчалаган кылымдар өтсө да сүйүүгө болгон мамиле өзгөрбөйт деп ойлойм. Азыркы студенттердин арасында сүйүүгө ишенгендер да, ишенбегендер да бар, Сүйүүнү катуу тутуп сыйлагандар жана сүйүүнү жеке пайдасына колдонуп жаткандар да толтура. Түгөйдү тандоодо сөзсүз сырткы келбети: төшү-башы кандай абалда, кийген кийими, сүйлөгөн сөзү баары каралат деп ойлойм.

Көбү биринчиден бизди адамдын руху кызыктырат дешет. Бирок сырткы келбети сулуу болбосо рухун деле билгилери келбейт. Анан материалдык абалы да сөзсүз каралат.

- Кыргыз улуттук университетинде мугалимдердин "ставкалары" кандай? Жогорку окуу жайлардагы жемкорлукка студент күнөөлүбү же мугалимдерби?

Нуржан Мүзүратбек уулу, 2-курс:

- Негизи жемкорлукка студенттер көбүрөөк күнөөлүү. Эгер жакшылап даярданып келип, такылдап жооп берсе мугалим деле акча сурагандан уялат. Көп учурда студенттер башка иштер менен алек болуп, сынактарды акча менен бүтүргөнгө ашыгышат. Кээ бир мугалимдер студент окуп келсе да акча сурай беришет. КУУда мугалимдер 200 сомдон 1000 сомго чейин алышат. Бул ставка эч кимге деле жашыруун эмес. Менин жеке пикиримде, жемкорлукту тыкыр көзөмөлдөп жеңсе болот.

- Ишенаалы Арабаев атындагы университет эптеп эле билим берет дегенге кошуласызбы?

Абдыбек Казиев, аталган окуу жайдын бүтүрүүчүсү:

- Толук кошулам. Бул университетте бир канча институт, факультет жана борборлор бар. Айрымдары чындап эле өтө чабал. Материалдык база начар болсо билим сапаты кайда бармак эле. Ал эми кээ бир институттары мактоого толук татыктуу. Кыргызстанда ашып кетсе 5-6 университетке, алардын берип жаткан билимине алкыш айтпаса калганы эптеп эле. Талдап көрсөң мектепти эптеп аяктаган абитуриент үчүн эптеген окуу жай эң ылайыктуу болуп жаткандыгы ачуу чындык.

- Бишкек гуманитардык университетинде зачет, сынактарды тапшыруу "ставкасы" кандай болду экен? Өзүң акча менен бүтүргөн учурлар болду беле?

Бактыбек Урустамов, 4-курс:

- Зачетторду группа менен 250 сомдон бүтүрсө болот. Ал эми сынактар орточо 500 сомдон. Айрым мугалимдер ставкасын 1000 сомдон түшүрбөйт. Эми сабактардын оордугуна, мугалимдерге жараша баалар өзгөрүп турат да. Мен көп учурда өз күчүм менен тапшырганга аракет кылам. Бирок акча бербейм деп айта албайм.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223775

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.