Кыргызстан айыл өкмөтүнүн чиновниктери 100 миң сомду мыйзамсыз жок кылган

  08.05.13   13:37
 236

Талас облустук прокуратурасы Манас районуна караштуу Кыргызстан айыл өкмөтүнүн чиновниктерине карата кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын расмий сайтында маалымдалган.

Аталган айыл өкмөтүнүн кызматкерлери кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мыйзамсыз короткон каражаттардын изин жашыруу максатында чыгымдардын кассалык ордерине 97 248 сомго инвентарь сатып алынгандыгы тууралуу жалган маалымат киргизип, ошол эле күнү көрсөтүлгөн сумманы жоюп жиберишкен.

Бул факты боюнча 6-майда "Тапшырылган буюмдарды өздөштүрүп алуу", "Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "Кызматтык документтерди оңдоо" беренелердин негизинде кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223776

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.