МСКнын рейди учурунда "Дордойдогу" сатуучуларды патент төлөөгө мажбур кылышты

  08.05.13   13:41
 227

26-марттан 18-апрелге чейин Мамлекеттик салык кызматынын Салык төлөөчү объектилерди инвентаризация жана дислокация кылуу боюнча жумушчу топ "Дордой" соода комплексинде салык көзөмөлү боюнча рейд жүргүздү. Бул тууралуу МКСтин басма сөз кызматы кабарлайт.

Рейд учурунда 16 965 соода жана тейлөө орундары текшерилди. 772 субъект Кыргыз Республикасынын салык мыйзамын бузганы аныкталды.

Рейд учурунда "Дордой" базарындагы ишкерлер 2013-жылдын март айы үчүн 29 млн 541,3 миң сом көлөмүндө ыктыярдуу патент төгүшкөн. Бул февраль айына салыштырмалуу 4 млн 428 миң сомго көп болгону аныкталды.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223777

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.