Жүк ташуучулар Ассоциациясы: Кыргызстан жакында оор транспорт түрүрнө өтөт

  08.05.13   14:05
 268

Эгерде бажы ставкасынын баасы жогоруласа Кыргызстан жакында оор транспорт түрүнө өтөт. Мындай пикирин бүгүн, 8-майда, маалымат жыйынында Жүк ташуучулар Ассоциациясынын мүчөсү Темирбек Шабданалиев билдирди.

Анын айтымында, учурда Бажы кызматы транспорт министрлиги менен бирдикте күтүүсүздөн жүк ташуучу автоунааларга болгон бажы ставкасынын баасын куб. сантиметрине 1,5 доллардан 4,2 долларга чейин жогорулатуу чечимин кабыл алуусу жүк ташуучулар үчүн кыйынчылык жаратууда.

"Эмнеге мындай болуусу керек. Албетте, бул багытта иш-чаралар жүргүзүлсүн, бирок бары акырындык менен болуусу шарт. Маселен, Казакстанда бажы ставкаларын жогорулатуу чечимин кабыл алышканда айдоочулар жарым жыл жеңилдиктер менен жүрүшкөн. Ал эми бизде күтүүсүздөн туруп жогорулап жатпайбы", - деди Шабданалиев.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223779

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.