Равшан Жээнбеков: Батукаев боюнча комиссия корутундусу 15-майда талкууланат

Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда бошотулушун иликтеген депутаттык комиссия ишин жыйынтыктоо астында турганын Равшан Жээнбеков кабарлады.
  08.05.13   14:37
 335

- Комиссиянын болжолдуу жыйынтыктары билинип калдыбы?

- Комиссия дээрлик иликтөөсүн аяктап калды. Ага ылайык, мамлекеттик бардык мекеменин (башпрокуратура, улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы, мамлекеттик жазаларды аткаруу кызматы, мамлекеттик каттоо кызматы, саламаттык сактоо министрлиги, эл аралык "Манас" аэропортунун жетекчилиги жана башкалар) жетекчилери түз болбосо да кыйыр түрдө аралашты деген жыйынтыкка токтолдук. Мисалы, Азиз Батукаевге диагноз койгон врачтар менен профессор, академик наамындагы медиктердин позициясы эки башка. Алар Батукаев айыккыс аккан дартына чалдыкпаганын айтышты. Ошондой эле мамлекеттик каттоо кызматы юстиция министрлиги, өкмөт башчысынын токтомусуз эле Батукаевге паспорт берген. Бул мыйзам бузуу болуп саналат.

- Башпрокурор Аида Салянова суроолорго жооп бердиби?

- Биз буга чейин башпрокурорду бир нече ирет чакырганбыз. Тилекке каршы, ал жыйынга келген жок. Өзүнүн ордуна орунбасары Людмила Усманованы жөнөтүптүр. Бирок, Людмила айым суроолорубузга буйтактата жооп бергендиктен, аны Азиз Батукаевдин акталышын жаап жашырып жатат деген чечимге келдик.

- Вице-премьер Шамил Атахановдун уулу Данияр Атахановдун бул окуяга канчалык катыштыгы бар экен?

- Атахановдун уулунун катыштыгы бар дегенге бизде далил жок.

- Комиссия корутундусу качан жарыяланат?

- Бир-эки тактоочу моменттер бар. Комиссиянын корутундусу 15-майда парламенттин чоң жыйынында талкууга салынышы ыктымал.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223780

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.