Дарья Таланова сууда сүзүү боюнча Казакстандын жайкы чемпионатында алтын алды

  08.05.13   14:27
 324

Кыргызстандык сууда сүзүүчү Казакстанда өтүп жаткан жайкы чемпионатта алтын байгелүү болду. Бул тууралуу "ВБ"га Сууда сүзүү федерациясынын генералдык катчысы Тамара Петрашова билдирди.

Анын айтымында, Таланова финалдык сүзүүдө 100м аралыкты брасс менен сүзүп алгачкы болуп келди. Эрекектер арасындагы сынакта Кирилл Вайс ушул эле категорияда коло медалга татыктуу болду.

Ошондой эле бүгүн, 8-майда, 50 метр аралыкка алдын ала сүзүүлөр өтүп, анда да Таланова менен Вайс эң мыкты жыйынтыктарды көрсөтүшкөн.

Андан тышкары, алдын ала сүзүү учурунда Таланова Кыргызстандын жаңы рекордун жасады. Бул рекордду ал мурда өзү эле аныктаган. Бүгүнкү күндө Таланованын кыска аралыкка сүзүү рекорду 33.2 секунд.

Эске салсак, ушул күндөрү Темиртауда Сууда сүзүү боюнча Казакстандын жайкы чемпионаты өтүп жатат. Бул чемпионатта 19-июлдан 4-августка чейин Барселона шаарында өтө турган дүйнөлүк чемпионатка лицензиялар ойнотулган.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223783

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.