"Дордой" Пакистандын чемпиону менен Филиппинден беттешет

  08.05.13   14:43
 213

Бүгүн, 8-майда, Филиппиндин Себу шаарында Кыргызстандын футбол боюнча чемпиону "Дордой" командасы АФК президентинин Кубогунун турнириндеги тандоо турунда алгачкы оюнун өткөрүшөт.

Азия футбол конфедерациясынын расмий сайтынын билдиргенине караганда, Кыргызстандыктар Пакистандын "КРЛ" клубу менен беттешет.

Жогоруда айтылган турнирге бардыгы болуп 12 команда катышат. Алар ич ара үч группага бөлүнгөн. "Дордой" өз өлкөлөрүнүн чемпиондору менен В группасында ойнойт. Алар филиппиндик "Глобал", пакистандык "КРЛ" жана бутандык "Йедзин".

Экинчи оюнду "Дордой" "Йедзин" менен 10-майда, ал эми "Глобал" командасы менен акыркы оюнун кыргызстандыктар 12-майда өткөрүшөт.

Эске салсак, былтыркы АФК президентинин Кубогунда "Дордой" финалдык раундка чыккан, бирок группада экинчи орунда калып калгандыктан финалдык оюнга катышкан эмес.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223785

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.