Эс алуу көндөрү Бишкектин бөлүгүндө жана Чүй облусунда электр жарыгы өчүрүлөт

  08.05.13   14:58
 329

10-майда саат 9-00дөн 17-00гө чейин борбордогу Москова, Тимирязев, Сагымбай манасчы көчөлөрүнүн барчаларында, 11-майда ушул эле убакытта Рыскулов, Турусбеков, Манас проспектисинде, 12-майда саат 9-00дөн 17-00 гө чейин Токтогул, Үмөталиев, Сыдыков көчөлөрүнүн барчаларында, 13-майда саат 9-00дөн 17-00гө чейин "Төкөлдөш" конушунун (Октябрьская көчөсүндө) электр энергия өчүрүлөт. Ошондой эле, 13-майда саат 9-00 дөн 17-00 гө чейин Москва районуна караштуу Ак-Суу айылынын бир бөлүгүндөгү (Южная, Полевая, Спортивная, Маяковского, Пишпекская, Советская, Ипподромная, Есенина, Добровольского көчөлөрүндө), Жайыл районундагы Кара-Балта шаарынын чыгыш жана түштүк тарабында, Кемин районундагы Ак-Түз, Ак-Бекет айылдарынын бир бөлүгүндө, Кызыл-Байрак айылында электр жарыгы өчүрүлөт.

Жогоруда белгиленген аймактардагы электр энергиясын өчүрүү трансформатордук көмөкчордондордо техникалык тейлөө иштери, жогорку вольттогу "Калининское" жана "Ак-Суу"көмөкчордондорундагы оңдоо иштерине байланыштуу.

Бул тууралуу "Түндүкэлектр" ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223789

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.