Бюджетке жыл башынан бери 12 млрд сом салык түшкөн

  08.05.13   15:12
 340

Январь айынан апрель айына чейин Мамлекеттик салык кызматы (МКС) белгиленген 11 млрд 915,7 млн сомдун ордуна 11 млрд 963,1 млн сом көлөмүндө салык чогулткан, 47,3 млн сом ашыгы менен аткарылган. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.

Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда салык жана төлөмдөрдү чогултуу 1 млрд 428,2 млн сомго же болбосо 13,6 пайызга көбөйгөн.

Мындан тышкары мамлекеттик бюджетке салык жана төлөмдөрдүн түшүүсү "Кумтөрдү" кошпогондо белгиленген 10 млрд 505,7 млн сомдун ордуна 10 млрд 617,8 млн сомду түзгөн жана 112 млн сом ашыгы менен чогултулган.

Бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруш үчүн төмөнкү салыктар чогултулду: резидент эмес тараптардын киреше салыгы, кирешеден түшкөн салык, үстөкко алынган салык, бирдиктүү салык, ыктыярдуу патент салыгы, кыймылдуу мүлк, кыймылсыз мүлк, жер участогуна карата жер салыгы, айыл чарба жерин пайдалануу боюнча салык жана башка салыктар.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223791

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.