Өкмөт Жеңиш күнүнө карата төлөнчү каражаттын көлөмүн билдирди

  08.05.13   15:18
 339

2013-жылдын 1-апрелине карата республика боюнча Улуу Ата Мекендик согуштан майып болгон 533 ардагер бар. Ошондой эле 1 262 согуштун катышуучусу, 39 концлагердин туткуну, 38 Ленинград блокадасынын катышуучусу бар. Бул тууралуу КР өкмөт аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына материалдык жардам ай сайын жана жыл сайын бир төлөнчү каражат катары республикалык бюджеттен төлөнөт.

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жыл сайын жана кошумча бир ирет төлөнчү жөлөк пулдар төмөндөгүдөй:

- Ата Мекендик согушта майып болгондор - (600 + 10 000) = 10 600 сом;

- Согуштун катышуучулары - (400 + 10 000) = 10 400 сом;

- Ленинград блокадасынын катышуучулары - (400 + 10 000) = 10 400 сом;

- Жашы жете элек туткундар - (400 + 10 000) = 10 400 сом;

- Согуштун катышуучуларынын жесири - (200 + 5 000) = 5 200 сом;

- тылдын эмгекчилери- (100 + 5 000) = 5 100 сом.

9-май Жеңиш күнүнө карата төлөнчү жөлөк пул үчүн республикалык бюджеттен 54,15 млн сом бөлүнгөн.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223793

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.