Бишкекте "Аалам сырлары" реалити-шоусунун экинчи сезонуна кастинг башталды

  08.05.13   15:20
 443

КТРКнын "Аалам сырлары" теледолбоордун биринчи сезону коомдо эки тараптуу пикир жараткан. Бир жарымы бул көрсөтүүнү кадимкисиндей эле кабылалса, экинчи жарымы ага нааразы болушту. Бирок ошого карабастан шоунун рейтинги оозду ачыраарлык эле. Ошондуктан долбоорду даярдагандар аны улантууну чечишти.

"Биринчи сезондун тандоо туруна каалоочулар абдан көп болгон. Экинчи турда биринчисине салыштырмалуу азыраак. Себеби, бул теледолбоорго катышуу үчүн чындап эле экстрасенсордук талант керект экендиги анык болду", - деди "Аадам сырларынын" жетекчиси жана режиссеру Асыл Апасова.

Кийинки этапка өтүү үчүн талапкерлер кара ширманын артында эмне тургандыгын айтып берүүсү керек эле. Кай бирлери аны билүү үчүн тосмонун жанына барып бир нерсени угуп-тыңшап, абаны кармалаганга аракет кылып жаткансыды. Айрымдары алыстан отуруп алып эле транска кирип, бир чекитти тиктеп жатышты. Башкалары болсо, кызыктай үндөрдү чыгарып, ышкырып, шыбырагансып турушту.

Эң арткы катарларды скептик менен кошо биринчи сезондун жеңүүчүсү Фатима Наматова да олтурду. "ВБ"нин журналисттери кызыгып, кара көшөгөнүн артында эмне бар деп сураоо узатышты. Ал ал жактан аялдын энергетикасы келип жатканын айтты.

Андан көп өтпөй, кара көшөгөнү ачышты. Күтүүсүз жерден көпчүлүктүн алдына кыргыздын улуттук кийимин кийип алып, ун ээлеп отурган кыз чыга келди.

Сынактын экинчи этабында катышуучулар кара кутуда эмне бар экендигин аныкташы керек эле. Бирок, биз ал тууралуу кеп кылбайбыз. Калганын окурмандар теледен эле көрүп алышаар.

"Эки сынактын жыйынтыгы менен 10 катышуучуну тандап алабыз. Съемкалар жайы боюу жүрүп, теле көрүүчүлөр "Аалам сырларын" күзүндө көрө алышат. Биз көптөгөн кызыктуу нерселерди даярдап койдук", - деп Асыл Апасова ишендирди.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223795

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.