Нурсултан Назарбаев Алмазбек Атамбаевди Жеңиш Күнү менен куттуктады

  08.05.13   15:53
 335

Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаевдин дарегине Казакстан Республикасынын президенти Нурсултан Назарбаевден Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 68 жылдыгына карата куттуктоо келип түштү. Бул тууралуу КР президент аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Казак президентинин куттуктоосунда Бизди согуштун чексиз көп курмандыктары тууралуу жалпы кайгы, Жеңиш күнүн жакындаткан аталардын тарыхый эрдиги жана ооруктун эмгекчилери үчүн сыймыктануу сезими бириктирип турат,- деп жазылат.

"Улуу Ата Мекендик согуштун фронтунда ширелген казак-кыргыз достугу өлкөлөрүбүздүн ортосундагы жакшы коңшулаштыкты жана стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары чыңдоонун бекем негизи, азыркы жана келечек муундар үчүн үлгү болуп калат деп ишенем",- деп айтылат куттуктоодо.

Ошондой эле КР президенти Алмазбек Атамбаевдин дарегине Азербайжан Республикасынын президенти Ильхам Алиевден, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдон жана Өзбекстан Республикасынын президенти Ислам Каримовдон куттуктоо келип түшкөн.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223797

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.