Түркиянын аскер окуу жайындагы кыргызстандык курсанттар майрамын белгилешти

  08.05.13   15:55
 356

Түркиядагы Кыргызстандын элчилиги Түркиянын жөө аскерлер Аскер окуу жайында чет элдик курсанттардын майрамын белгилөөгө катышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) маалымат, басма сөз жана маданият башкармалыгы кабарлады.

Окуу жайдан түрк атуулдарынан тышкары дүйнөнүн 14 мамлекетинен 191 курсант билим алат. Анын ичинде Кыргызстандан 15 аскер бар.

"Кыргызстан эгемендигин алган 20 жылдын аралыгында Түркиянын жөө аскерлер Аскер окуу жайы Кыргызстандын ондогон аскер адистерин окутуп чыгарды, алардын көбү Түркиянын жогорку аскер академиясынан билимин улантышты",- деп айтылат маалыматта.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223798

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.