Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Кыргызстанга иш сапар менен келет

  08.05.13   16:53
 247

Бүгүн, 8-майда, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинде үстүбүздөгү жылдын 27-28-майында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун Кыргызстанга жасай турган расмий сапарында кол коюла турган келишим долбоорлорун даярдоо боюнча биргелешкен кыргыз-тажик жумушчу тобунун жыйыны өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) маалымат, басма сөз жана маданият башкармалыгы кабарлады.

Ошондой эле 2013-жылдын 16-17-майында Дүйшөмбү шаарында өтүүсү пландалган эки тараптуу маселелерди комплексттүү карап чыгуу боюнча кыргыз-тажик өкмөттөр аралык комиссиянын 12 -жыйынынын күн тартибине киргизилген маселелер каралды.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223804

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.