Ош шаарынын мэриясы ардагерлерди куттуктады

  08.05.13   16:55
 346

Бүгүн, 8-майда, Ош шаарынын мэриясы Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларын куттуктап, акчалай сыйлыктарды тапшырды. Бул тууралуу мэриянын коомчулук менен байланыш бөлүмүнөн билдиришти.

Ош шаарынын биринчи вице-мэри Алимжан Байгазаков ардагерлер менен маектешип жатып, алар жеңиш күнүн жана тынчтык алып келгендиги үчүн ыраазычылык билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө ардагерлерге байланыштуу бир топ маселелер чечилди. Тактап айтканда, медициналык жардам көрсөтүү жана физиодарылоо жүргүзүү маселелери такталды.

Учурда Ошто болгону 48 Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу жашайт.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223805

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.