Эксперт-теолог: Түштүктөгү имамдардын көбү радикалдык исламды жактоочулар

  08.05.13   17:07
 356

"Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын начар ишинен улам өлкөдө исламдын радикалдашкан агымдарын жактоочуларынын саны абдан көбөйдү",- деп билдирди эксперт-теолог Асан Саипов. Бул тууралуу REGNUM маалымат агенттиги кабарлайт.

Анын айтымында, акыркы учурларда Кыргызстандын түштүк областтарында "Хизб ут-Тахрир" менен "Таблиги джаамат" сыяктуу диний-экстремисттик кыймылдардын жактоочулары мечиттерде имам болуп жатат. "Муфтият калкка дин таанытуу иштерин жүргүзүүнүн ордуна ажылыкка акча чогултуу менен алек. Анын кесепетинен радикалдык агымдар жаштарды өзүнө каратып, биздин балдарды мечиттерде Сириядагы согушка тартып жатышат",- дейт серепчи.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223808

 Комментарийлер:
#1 Шах-аке
2013-05-14 15:23:12 Цитата / 0 / -

Кыргызстанда дин менен иш алып баруучу Өкмөт алдындагы комиссия эч кандай иш алып барган жок. Бул комиссия менен ИИМнин ортосундагы байланыш үзүлгөн, ГКНБ жана ИИМги өз арабаларын араң сүйрөп, бүгүнкү өсүп келе жаткан радикалдуу диний исламга каршы иш алып барган жок. Алар тескеринче ошолордон бир аз тыйын- тыпырын алып коюуп,алардын ишин жайына койуп койду,эгерде ушул бойдон калса, Сирия, Ирак жана Пакистанда болгон окуялар биздин жерде кайталанат, себеби бизди жаш муундарды алар өз жолдоруна салып алганын ГКНБ менен ИИМ башкалары баарыбыз билебиз.

 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.