Согуштан каза болгондорго арналып, Казакстан элчилигинин жанына бак отургузулду

  08.05.13   17:20
 343

Бүгүн, 8-майда, Казакстан элчилигинин имаратында Улуу Жеңиштин 68 жылдыгына карата иш-чара болуп өттү.

Ага согуштун ардагерлери, оорукта эмгектенгендер, казак диаспораларынын өкүлдөрү катышты.

Иш-чара имараттын жанына Улуу Ата Мекендик согушта каза болгондордун жаркын элесине арнап бак отургузуудан башталды.

Андан соң Казакстандын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Бейбит Исабаев жалпы ардагерлерди Улуу Жеңиш күнү менен куттуктап өттү.

"Биз сиздердин эрдигиңиздер менен ар дайым сыймыктанып келебиз" – деди элчи.

Ардагерлер үчүн атайын концерт уюштурулуп, солдаттык ботко берилип, баалуу белектер тапшырылды.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223810

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.