Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды

  09.05.13   09:15
 272

Орусияда Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды. Ал Москвадагы тергөө абагында чоочун ат менен кармалып, жаза өтөп жаткан. Бул тууралуу "ВБ"га укук коргоо органдарындагы жеке булак билдирди.

Укук коргоочулардын айтымында, уюшкан кылмышка каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалык, кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы жана Москванын тиешелүү органдары кылмышкерди таап кармашты. Колго түшкөн жаран Нарын облусунун 1987-жылы туулган тургуну Мирбек Искенов. Ал "Большой" деген лакап ат менен белгилүү.

Кыргызстанда Искенов Ысык-Көл облусунда адам өлтүргөнгө шектелип издөөдө жүргөн. Ошондой эле, ал Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү экендиги белгилүү болгон. Учурда Москвада каракчылык менен кол салгандыгы үчүн күнөөлөнүп, Орусиянын тергөө абагында жатат. Ал өзүн Чүй облусунун 1988-жылы туулган Рустам Бердыбаев деп тааныштырганы маалым болду.

"Орусиялык кесиптештерден маалымат келип түшөөрү менен биз чыныгы Бердыбаевди Бишкектен издедик. Жыйынтыгында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Искеновдун өздүгүн аныктап чыктык. Аны Москвадагы кылмыш иликтөө башкармалыгына билдирдик. Учурда Искеновду Кыргызстанга экстрадициялоо күтүлүп жатат",- деди укук коргоо органынын кызматкери.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223813

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.