Энергетика министрлигинин кызмат ордуна экинчи талапкер пайда болду

  09.05.13   09:12
 221

Кийинки жумада боло турган көпчүлүк коалициянын парламенттик отурумунда Энергетика жана өнөр-жай министрлигинин кызмат ордуна талапкерлер аныкталат. Отурумга КР премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев катышат. Бул тууралуу 8-майда, "ВБ"га КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков билдирди.

Анын айтымында, министрдин кызмат ордуна татыктуу талапкерлер ат салышууда.

"Аталган министрликтин кызмат ордуна көпчүлүк коалиция тарабынан Валерий Дилдин талапкерлиги көрсөтүлүп жатат. Ошол эле маалда премьер-министр Осмонбек Артыкбаевдин талапкерлигин сунуштоодо. Келээрки отурумда ким кызматка келет, чечебиз",- деди Турсунбеков.

Эске салсак, 22-апрелде президент Автандил Калмамбетовдун башка кызматка которулгандыгына байланыштуу, энергетика жана өндүрүш министрлигинин кызмат ордунан бошотуу тууралуу жарлыкка кол койгон.

Маалымдама

Валерий Диль – Кыргызстандагы немецтер Кеңешинин төрагасы, КР ЖКнын экс-депутаты, Кыргызстандагы чакан жана орто энергетиканы өнүктүрүү боюнча долбоор дирекциясынын экс-башчысы.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223814

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.