Абдыжапар Асыл эркектер арасында өткөн шахмат боюнча өлкө чемпиону болду

  09.05.13   09:09
 362

Абдыжапар Асыл эркектер арасында өткөн шахмат боюнча Кыргызстандын чемпиону болду. Республиканын 75-чемпионаты 8-майда, Бишкек шаарында аяктады.

Мелдештин башкы калысы Дамил Токтогоновдун айтымында, чемпионатка республиканын ар тарабынан келген 46 шахмат оюнчусу катышкан. Алар буга чейинки тандоо турларында жеңишке жетишкен. "Иш чарага тандоого катышпаган оюнчуларды алган жокпуз. Мындан улам, көпчүлүк шахматчылар чемпионатта ойной алышкан жок", -деди ал.

Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы билдиргендей, 11 турдун жыйынтыгы менен Абдыжапар Асыл 9 балл менен биринчи орунга ээ болду. Экинчи орунга Андрей Мазницин илинди. Коло медалды 15 жаштагы Жакшылык Нурланов багындырды.

Эске салсак, айымдар арасында өткөн шахмат боюнча чемпионатта биринчиликти Айжаркын Шынгыс кызы жеңип алган. Экинчи орунга Айжан Алымбай кызы, үчүнчү орунга Гретта Лим ээ болушкан.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223815

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.