Талап-тоноого шектүү делген киши колго түштү

  09.05.13   08:54
 246

Уюшкан кылмышка каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыктын кызматкерлери, тоноо ишине шектүү делген кишини кармашты. Бул тууралуу "ВБ"га укук коргоо органдарындагы жеке булактан маалым болду.

Билдирүүгө таянсак, 17-апрелде милицияга Бишкек шаарынын тургуну арыз менен кайрылган. Ал, Военно-Антоновка айылынан кечке маал, Юсуп аттуу эркек киши күч колдонуп 500 долларын алып кеткенин айткан. Окуя болгон соң кылмышкер качып кеткен.

Аталган факт боюнча КР кылмыш кодексинин "Тоноо" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш чарасынын негизинде, окуяга тийиштиги бар 1967-жылы туулган Юсуп Магомед-Шапиевич Юнусов кармалды.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223818

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.