"Майлы-Суу электрлампа заводун" 889 миллион сомго баалашты

  09.05.13   08:52
 246

Атайын администрация өкмөткө "Майлы-Суу электрлампа заводу" жоопкерчилиги чектелген коомду (ЖЧК) сатып алуу сунушун киргизди. "Майлы-Суу электрлампа заводу" ААКнын базасында түзүлгөн ЖЧКны 889 млн сомго баалашты. Бул тууралуу 8-майда, "ВБ"га экономика министрлигинин банкрот иштери боюнча департаменттин директору Болсунбек Казаков билдирди.

Анын айтымында, май айында өкмөт буга чейин банкрот деп жарыяланган заводду сатып алабы же жокпу бир чечимге келиши керек.

"Сатыкка коюлган стратегиялык объектерди аукционго коюла электен мурун өкмөттүн сатып алуу мүмкүнчүлүктөрү жогору. Буга байланыштуу атайын администрация өкмөткө "Майлы-Суу электрлампа заводу" ЖЧКсын сатып алуу сунушун киргизди. Бирок, министрлер кабинети аталган маселеге карата акыркы жообун берише элек", - деди Казаков.

Ал белгилегендей, өкмөт заводду сатып алуудан баш тартса, ишкана инвестициялык конкурска коюлмакчы.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223819

 Комментарийлер:
#1  
2013-05-10 16:19:51 Цитата / 0 / -

jakynda koldu satyp janynar tynat ko

 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.