Валерий Копытин "Жейран-Трофи" вело-жарышында бешинчи орунга ээ болду

  09.05.13   08:47
 280

Кыргызстандык Валерий Копытин "Жейран-Трофи" көп күндүк вело-жарышында бешинчи орунга ээ болду. Аталган иш чара Казакстанда өттү.

Казакстандык жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) билдирүүлөрүнө таянсак, жарышка 30 велосипедчи катышкан. Алар Кыргызстан, Орусия жана Казакстандын жарандары. Жарыш талаа бетинде жана "Бартогай" суу сактагычынын тегерегиндеги тоолордо болду. Велосипед сүйүүчүлөр жалпысынан 250 чакырым жолду басып өтүштү.

Аталган мелдешке Копытинден башка Кыргызстандык Канат Келсинбеков, Ярослав Юзефович жана Жаныбек Саткыналиевдер катышты.

Жыйынтыгында, мелдештин жеңүүчүсү болуп орусиялык Михаил Будько аталды. Экинчи жана үчүнчү орунга казакстандык Эдуард Лоренц менен Жандос Бакытбек уулу татыктуу болушту.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223821

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.