Президент ардагерлерден элди жакшылыкка үндөп жүрүүнү өтүндү

  09.05.13   09:27
 402

Кечээ, 8-майда, президент Алмазбек Атамбаев Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери менен жолугушту.

Мамлекет башчысы жолугушууну ачып жатып, ардагерлерди мамлекеттин негизи, Улуу Жеңишти камсыз кылууга жана мамлекет тарыхын жазууга катышкан адамдар экендигин белгиледи. Бул тууралуу КР президент аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Президент ошондой эле, 2015-жылы Кыргызстан мурдагы Советтер Союзунун башка өлкөлөрү менен бирдикте Улуу Жеңиштиин 70 жылдыгын жалпы элдик майрам катары белилээрин кошумчалады. Буга байланыштуу ушул жылдын апрелинде тиешелүү жарлыкка кол койгондугун айтты.

"Жакында мен жарлыкка кол койдум. Биз Улуу Жеңиштин 70 жылдыгын майрамдоого ыраатуулук менен даярдана беребиз. Ошого байланыштуу мен өкмөткө ардагерлердин бардык маселелерин чечүү үчүн керектүү акча каражаттарын бюджетке киргизүүну сунуштадым. Эч ким көңүл бөлүнбөй, турак-жайсыз калбаш керек. Тилекке каршы учурда мындай фактылар бар",- деп белгиледи мамлекет башчысы.

Президент жолугушуунун катышуучуларын мамлекет мында ары дагы ардагерлердин проблемаларын чечүүгө көмөктөшөөрүнө ынандырды.

"Өлкөдөгу абал жакшырат деп ишенем. Быйыл биз ГЭСтердин курулушу сыяктуу ири долбоорлорду ишке ашыра баштайбыз. Сиздер ушуну өз көзүңүздөр менен көрсөңүздөр деп тилейм. Эгерде бизге жардам кылгыңар келсе – узак жашагыла!", - деди президент.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223822

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.