Футбол: кыргызстандык адис ФИФАнын Ливандык судьяларын баалайт

  09.05.13   10:02
 210

ФИФАнын кыргызстандык инструктору Виктор Колпаков ливандык судьялар Али Реда жана Мухамад Дарвичтин адистик чеберчилигин баалайт. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол боюнча федерациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, экзаменде Колпаков талапкерлер менен сүйлөшөт жана алардын Ливандын ички улуттук матчтарындагы калыстык тажрыйбасынын деңгээлин карайт.

Бул экзамендин негизги максаты аталган судьяларды ФИФАнын элиталык судьяларынын тобуна кошуу болуп саналат.

Сүйлөшүү жана матч 11-12 майда Бейрут (Ливан) шаарында өтөт.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223823

 Комментарийлер:
#1 Спарта
2013-05-09 11:23:53 Цитата / 0 / -

Дааа, бизде да ушундай инструкторлордун болгону сүйүнтөт

 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.