Кайгылуу тагдыр кечирген кайран таланттар

"Начар улут өз мыктыларын тепкилеп, уу берип, куугунтуктап жоготот да, жалаң акылсыздарын шыгыратып, алардын көчөлөрдө эркин басуусуна жол берет".
  13.05.13   08:09
 1150

"Начар улут өз мыктыларын тепкилеп, уу берип, куугунтуктап жоготот да, жалаң акылсыздарын шыгыратып, алардын көчөлөрдө ээн эркин басуусуна жол берет. Акылдуу улут болсо, элиндеги биринчилерине сыйынышат. Экинчилерин карманышат. Ал эми үчүнчүлөрүн күтүп алышат" деп Джон Рески белгилегендей биздин жарк этип жанган залкарларыбызды учурунда баалай албадык. Санай келсек таланты өтө ташкындаган адамдардын көпчүлүгүнүн тагдырлары татаал келип, өмүрлөрү трагедиялуу аяктаган. Кандайдыр бир деңгеелде буга биздин коомдун, таланттарды баалай биле албаган мамлекеттин да күнөөсү бар деп ойлойм.

Тургунбай Эргешов, акын: Жалбырактар, күтүү, өлүм, кусалык

Тургунбай Эргешовдун "Булбулдардын тукуму аз" жыйнагын окуп чыккан элем. Жүрөк титиреткен ырлар. Жалбырактар,күтүү ,өлүм, кусалык, жалгыздыктын элегиясы, арман, ашырашуу акындын бүтпөгөн темалары экен. Жашоону муңдуу карап, өзү да жаш бойдон кете бериптир. Оору,татаал тагдыр, кєралбастык, үй-бүлөдөн ажырашуу акындын ансыз да муңдуу жүрөгүн ого бетер муңкандырып, ого бетер бырчалап салган өңдүү. "Тургунбай Эргешов дүйнөлүк адабиятта Роберт Бернс, Шандор Петефи, Сергей Есениндер менен катарлаш турган улуу акын. Баягы: кыргыздан болчу беле, чыкчу беле, аның деле мендей эле жапжалпак да деген сатаний скепсис менен келаткан маңкуртбектерге айтаарыбыз: миллион жолу бут тосуп, ырымдап көөлөп, торой чалсаңар да мезгил Тургунбайга иштеди" деп Мамат Болот жазгандай алтынды канчалык ылайлаган менен бир күнү жаркырап, көздү уялтып чыга келээрин эч ким тана албас.

Өмүркул Кулумбаев, акын:

Ыйлаган бүркүт

Сагынуу карегимди жарып кетти,

Сагынуу бүт уйкумду алып кетти.

Сагынуу саржоргосун токуп берип,

Нөшөрлөп жаш өмүрүм агып кетти.

Ооба, бул эки бутунан ажырап 49 жыл төшөктө жаткан акын Өмүркул Кулумбаевдин ыр саптарынан. Ушунчалык кайгылуу тагдыр. Муңдуу тагдыр.

Бирде буркан-шаркан дайрадай ташып ырларды жазды. 14 ыр жыйнагы жарыкка чыкты. Ал ырларына канчалагн обондор жаралды. Бирде мындай тагдырына ичтен сыздады. Боздоду. Буркурады. Ыйлады. Сүйүүгө суусады. Ошентип өмүр кечирди. Бирок артында изи калды. Укмуштай поэзиясы калды.

Акындын кызы Гүлмира Кулумбаева да элге төбөсү көрүнгөн чыгармачыл кыздарынын бири. Гүлмира эже экөөбүз анын атасы Өмүркул Кулумбаевди көпкө эскерип олтурдук. Эскерүүнү угуп олтуруп бирде көзүмө жаш тегеренсе, бирде акындын кайраттуулугуна таң бердим.

Каргашалуу түн

Атам 2010-жылы 28-февралда каза болду. Эми мен бир залкар адамдын кызы болгон экем. Ушунча жыл залкар адамдын жанында бирге жашапмын. 1961-жыл эле. Анда атам Нарындагы аскер комиссариатында эмгектенчү. Апам экөө чөжүрөгөн төртөөбүздү таенемдикине таштап, Фрунзеге командировкага кетишти. Кетип баратып эркелетишип, мага жаттаткан орусча ырды айттырышып, бетимден өөп кетишкени эсимде. Түн бир оокумда таенемдин катуу ыйлаганынан чочуп ойгондум. Көрсө бирөөлөр келип, "Күйөө балаң менен кызың Долондун белинен жол кырсыгына учурашты. Кочкордогу ооруканада жатышат. Адам болобу-болбойбу белгисиз",- деп угузушуптур. .

Бекин Сейдакматов, актер:

"Бекин жашоого майрам алып келген адам эле"

Бекин Сейдакматов эч кимге окшобогон ажайып талант эле. Талант куюлган сымаптай алаканыбыздан төгүлүп кетти. Чачылып кетти. Биз, кыргыздар, Бекин Cейдакматовду күтө албадык. Тосо албадык. Шамалга дирилдеген жалбыракты үзүп салдык. Түндөгү жарык чачкан чыракты өчүрүп салдык. Асманыбыздагы каркыраны учуруп жибердик. Барктабадык. Баалабадык. Сактабадык. Көп жылдар бою жакын досу болуп жүргөн режиссер Замир Эралиев төмөндөгүдөй эскерет.

Үч кабаттан секиргенде

"Мен үчүн Бекин жүрөгүмдө орусча айтканда "человек-праздник" дейт эмеспи, майрам алып келген адам катары калды. Мындай дос менде мурда-кийин болбоду. Бекиндин бала кыялы, кайталангыс таланты, достукка бектиги, деги эле анын менин өмүрүмдө жанаша жашап кеткени жылуу сезим алып келет. Акыркы күндөрүндөгү трагедиясы жүрөгүмдү оорутат. Бекинге акыркы күндөрү тирүү жашоонун деле кызыгы жок болуп калган. Бир ирет ооруканада жатып үч кабат үйдөн боюн таштады. Кыштын күнү кар калың болгондуктан, анын өмүрүн кар сактап калган. Бекин балдарын сагынганда экөөбүз акмалап барган күндөр болгон. Дилбар көрүшүүгө уруксат берчү эмес. Бир ирет уулу Кубатка велосипед алып бардык. " Тоого чыгып эс алып келели" десек, Дилбар уулуна велосипедди алууга гана убакыт берди. Бул Бекинге өтө оор тийди. Кийин Марал аттуу аялга баш кошту. Бирок өз балдары жанында болбогондон кийин бактылуу деле болуп кетпеди. Уул кыздары чоңойгондон кийин же өгөй атаны ата кыла албай, же өз атасына жете албай кызы 16 кабат үйдөн боюн таштап каза болуп калды. Азыр дагы уулдары менен жолугушуп, үйгө келишсе, жакшы тамак жасап берүүгө аракеттенем".

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223824

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.