Жеңиш күнүнө арналган көк-бөрү турниринин финалында "Кабыл" менен "Чүй" беттешет

  09.05.13   13:10
 474

Бүгүн, 9-майда "Ак-Кула" ат майданында Улуу Жеңиш күнүнө карата көк-бөрү боюнча турнир өтүүдө.

Көк-бөрү федерациясынын башкы катчысы Табылды Асыгалиевдин "ВБ"га билдиришинче, биринчи жарым финалда "Кабылан" менен "Бөрүлү" командалары беттешип, эсеп 2:2 эсебинде тең чыгышты. Кошумча берилген убакытта "Кабылан" оюнду колго алып 5:3 эсебинде жеңишке жетти.

Финалга чыкчу экинчи командалар "Талас" менен "Чүй" улакчыларынын арасында болду. "Таластын" жигиттери атаандашын 9:0 эсебинде утту.

Ошондой эле, "Талас" менен "Бөрүлү" командаларынын ортосундагы оюнда коло медаль үчүн оюн болуп, "Таластыктар" атаандашын 4:2 эсебинде утуп, үчүнчү болушту.

Маалыматка ылайык, Жеңиш күнүнө карата уюштурулган ат оюндарынын жалпы байге фонду 700 миң сом.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223828

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.