14 жаштагы өспүрүм кызды зордуктаган жаран кармалды

  09.05.13   13:18
 231

Чүй облусунан 14 жаштагы кызды зордуктаган жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Аламүдүн районунун 40 жаштагы тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Арыз жазган аял анын кызын 28-апрелде, түнкү саат 23:00дөр чамасында белгисиз бирөө күч колдонуп зордуктап койгонун айткан.

Ыкчам иликтөө тобунун кызматкерлери изи сууй электе 21 жаштагы Аламүдүн районунун тургунун кармашкан. Ага карата КР Кылмыш жаза кожексинин "Зордуктоо" беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223829

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.