Кадамжайда Улуу Ата мекендик согуштун 34 ардагери гана калды

  09.05.13   14:22
 364

Бүгүн Кадамжай шаарында Улуу Жеңиштин 68 жылдык майрамы белгиленди. Алгач Улуу жеңиштин урматына курулган эстеликке гүл чамбарлар коюлуп, куран окулду. Борбордук стадиондо аскердик парад болуп, маданият кызматкерлери согуш ардагерлерине концерт тартуулашты. Бул тууралуу майрамдык иш-чара болгон жерден Азамат Абсаттаров "ВБ"га билдирди.

Майрамдык салтанатка келген Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Султанбекова согуш ардагерлерине өзүнүн белектерин тапшырды. Мектеп окуучулары арасында 3 ай мурда жарыяланган "Ар дайым болсун апам" аттуу дилбаян конкурсун жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөргө дипломдор жана "Баяман" фондунан музыкалык борбор, ноутбук, телевизорлор берилди.

Ошондой эле депутат Чолпон Султанбекова "Алыш" күрөш федерациясынын атынан 70 миң сомдук байгелерди майрамга арналган улуттук күрөшкө коюп берди. Күрөшкө коңшу Өзбекстандан да балбандар катышып жатат.

Эскерте кетсек, былтыр Кадамжайда Улуу Жеңишти согуштун 53 ардагери белгилесе, быйыл болгону 34 ардагер калган.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223830

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.