"Жаны Агым": Комиссия ишин жыйынтыктай электе Батукаев Россиянын жарандыгын алды

  13.05.13   09:26
 435

"Мыйзамдагы ууру" Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда бошотулуп, тарыхый мекени Чеченстанга жылуу-жумшак узатылышын иликтеген депутаттык комиссия ишин жыйынтыктап калды. Комиссия мамуюмдардын бул окуяга түз болбосо да кыйыр тиешеси барлыгын белгиледи. Ал ортодо маалымат агенттиктердин бири Батукаевдин Россиянын жарандыгын алганын шарданы кылды, деп жазат "Жаны Агым" гезити.

Ошондой эле гезит маалымат агенттиктерде чыккан кабарларга таянып, кримчөйрөдөгү ар кандай сенсациялуу жаңылыктарга токтолгон. Мисалы, Москвада болчу "мыйзамдагы ууруга таажы кийгизүү үлпөтү" туурасында. Анда биздин 3 мекендешибиз - оштук Эртабылды Жунусов менен көлдүк "Карышкыр" каймана аты менен белгилүү "Авторитет" жана белгисиз бирөө бул "шайлоого" ат салышмакчы. Кызыгы, аларды Азиз Батукаев колдоп жатат дешет, деп белгилейт "Жаны Агым".

Бирок, Камчы Көлбаев деле тактысын оңой менен берип салбасын адистер айтышууда. Бул темага гезит дагы эмки сандарында кайрылаарын эскертет.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223841

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.