Боксер Азат Үсөналиев Казакстанда өткөн эл аралык турнирде финалга чыкты

  13.05.13   09:39
 301

Кыргызстандык боксер Азат Үсөналиев Советтер Союзунун баатырны Сагадат Нурмагамбетовдун байгеси үчүн Казакстанда өткөрүлгөн XVIII эл аралык турнирде финалга чыкты. "ВБ"га Кыргызстандын курама командасынын машыктыруучусу Адылхан Бекболотов билдиргендей, бардыгы болуп үч оюн өткөрүлүп, акыркысында Үсөналиев Казакстандын боксерун жеңип финалга чыккан. Ошондой эле жарым финалга чыккан Эрмек Сакенов коло медалга ээ болгон.

Эскерте кетсек, жыл сайын өткөрүлүүчү бул таймашка жакынкы жана алыскы мамлекеттерден келген 150дөн ашык спортчулар катышат. Бул жолу 7 мамлекеттин боксерлору келишкен. Бардыгы болуп турннирде 20 командадан турган 117 спортчу ат салышууда.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223842

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.