Кыргызстандан 18 семиречиндик казак Ставраполь аймагына көчүп барышты

  13.05.13   10:00
 331

Ставрополь аймагына Кыргызстандан 18 семиречиндик казак (анын ичинде мектеп жашына чейинки эки балакай бар) көчүп барышты. РФтин Федералдык миграция кызматынын (ФМК) басмасөз кызматынын билдиришине караганда, Кыргызстан менен Казакстандын аймагында жашаган семиречиндик казактардын Ставрополдук аймаккка көчүрүп баруу тууралуу маселе Ставрополдук митрополит Кирилл менен РФтин ФМКсы менен жолугушуудан тышкары аймактын өкмөттүк жыйындарында да бир нече ирет көтөрүлгөн. Митрополит Кирилл бул демилгени колдоорун да билдирген.

"Көчүп келгендерге алардын миграциялык статусун билдирген кагаздар тапшырылып, андан аркы документтерди кантип алуу керектиги түшүндүрүлдү", - деп ФМКда маалымдашты.

Федералдык миграция кызматын башкаруу башкармалыгында, Ставрополь аймагына көчүп келүүнү каалаган бардык казактарга жардам берүүгө даяр экенин айтып, алардын маалыматы боюнча Кыргызстан менен Казакстандан дагы 2000 ге чукул казак үй бүлөлөрү көчүп барууга даяр экендигин билдиришкен.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223847

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.