Теннисчи Данияр Дулдаев Futures турниринин финалына чыга алган жок

  13.05.13   10:08
 263

Кыргызстандан теннисчи Данияр Дулдаев Futures эл аралык турниринин жуп мелдештеринин финалына чыга алган жок. Эл аралык теннистин расмий сайтынын билдиргенине ылайык, Дулдаев беларусстук Сярхей Бетау экөө Андрей Чумак – Кирилл Дмитриев Молдова менен Россиянын дуэтине жарым финалда 5:7, 6:2 эсеби менен утулуп калышты.

Эске салсак, жалгыз мелдеште Дулдаев, экинчи раундка чейин ойноп, чейрек финалга жолдомо алуу беттешинде Егор Ковалевго эки сет катары менен утулуп, турнирден чыккан.

Байге фонду 10 миң доллар болгон эл аралык теннис турнири Шымкент шаарында өтүп, майдын 12де жыйынтыкталды.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223848

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.