Сузак районунда 122 кой уулануудан өлдү

  13.05.13   10:25
 328

Жалал-Абад облусунун Сузак районунан 122 кой ууланып өлдү. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда, ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 12-майда малдар Атчабар участкасында уулуу зат көмүлгөн жерге жайытка чыккан. Благовещенка айылынын тургуну Токторалы Хажиматовдун айтымында, ал аталган аймакта уулуу зат көмүлгөндүгүн билген эмес жана ал жакта эч кандай эскертүү белгилери болбогон. Маалым болгондой, буга чейин белгисиз бирөөлөр аталган аймакты алюминий чараларын алып чыгуу үчүн казышкан.

Учурда келтирилген чыгымдар эсептелип, малдардын кырылуусуна себепкер болгондор такталууда.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223849

 Комментарийлер:
#1 Тони
2016-04-28 21:25:13 Цитата / 0 / -

Сиздин пикир биз үчүн маанилүү ошол жайытты билгендер болсо бир знак койуп койуш керек эле

 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.