Ксения Палкина Казакстандагы ITF турнирин жеңип чыкты

  13.05.13   10:26
 264

Кыргызстандык теннисчи айым Ксения Палкина Шымкентте өтүп жаткан Эл аралык ITF турниринин жеңүүчүсү аталды.

Эл аралык теннис федерациясынын расмий сайтынын билдирүүсүнө караганда, Палкина финалда казакстандык Камила Керимбаева менен беттешкен. Матчтын биринчи сетинде ийгилик Палкинанын колунда болсо, экинчи сетте Керимбаевага ооп, ал 7:5 эсеби менен утуп кетти. Чечүүчү сетте кыргызстандык спортчу Палкина чоң ажырым менен (6:1) өз атаандашын жеңе алды. Андан тышкары жуп мелдеште өзбекстандык Альбина Хабибулина экөө финалда Россиялык Ольга Дегтярева жана Виктория Климушкинадан күчтүрөөк экенин далилдешти. Матчтын эсеби 6:2, 6:2.

Турнир Эл аралык ITF федерациясынын карамагында өтүп, 12 майда жыйынтыкталды. Жалпы байге фонду 12 миң доллар эле.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223851

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.