Каракчылык фактысы менен 39 жаштагы адам кармалды

  13.05.13   10:33
 321

Бишкекте каракчылык фактысы менен 39 жаштагы адам кармалды. Бул тууралуу шаардык ИИБнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Мичурин көчөсүнөн шаар тургунуна бир нече адамдар кол салышып, аны бычак менен коркутуп ур токмокко алышкан. Андан соң уюлдук телефонуну жана акчасын алып кетишкен.

Бишкек шаардык ИИБнын кызматкерлери кылмыштын изин суутпай шектүү делген адамдардын бири, Чүй облусунун 39 жаштагы тургунун колго түшүрүшкөн.

Учурда анын тарапташтарын издөө иши жүрүп жатат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223852

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.