АКШнын элчиси Максим Бакиев боюнча комментарий берүүдөн баш тартты

  13.05.13   10:40
 327

Кыргызстан Америка Кошмо Штаттарынын Максим Бакиевге карата кылмыш ишин токтотконуна нааразы. Бул тууралуу 10-майда АКШнын элчиси Памела Спратлен менен болгон жолугушуу маалында тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев билдирди.

КТРК телеканалы кечээ тышкы саясат ведомствосунун борбордук имаратында басма сөздө Кошмо Штаттардын көзөмөл органы Максим Бакиевге карата козголгон баалуу кагаздарга мыйзамсыз операция иши боюнча кылмышты кароону токтоткону тууралуу жарыялангандан кийин жолугушуу болгонун кабарлады.

Жолугушуунун жүрүшүндө тышкы иштер министри АКШ экс-президенттин уулуна карата кылмыш ишин токтотконуна нааразы болгонун билдирди.

"Америкалык тарап бизге Максим Бакиев кылмышкер экенин айткан. Анын ичинде Американын мыйзамы боюнча дагы. Жана ал жасаган кылмыштын оордугу үчүн 20 жылдан 40 жылга чейин эркинен ажыратылмак. Тилекке каршы, мыйзамдуулук ишке ашкан жок. Биз буга өкүнүп турабыз",- деп билдирди ал

Өз кезегинде Спратлен Максим Бакиев боюнча жагдайга комментарий бере албай турганын айтты.

"Нью-Йоркто болгон сотто алар кылмыш ишин токтотконун билдиришти. Мен эч нерсе айт албайм",- деп белгиледи ал.

Бирок Абдылдаев кыргыз тарап Максим Бакиевди экстрадициялай турганын билдирди. "Биз анын кылмышкер экенинде шегибиз жок жана кыргыз тарап аны экстрадициялайт",- деп баса белгиледи министр жолугушууда.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223853

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.