Бетон аралаштыруучу машина жол кырсыгына кабылды

  13.05.13   10:59
 296

Бүгүн, 13-майда, эртең менен "Восток-5" кичирайонунуда Чүй проспекти менен келе жаткан бетон аралаштыруучу машина жана "Фольксваген Гольф" үлгүсүндөгү жеңил автоунаа жол кырсыгына кабылды.

Маалыматка ылайык, "Фольксваген Гольф" автоунаасы түстүү чырактын жашылы күйүп өчүп жатканда токтоп калган. Ал эми бетон аралаштыруучу машина аны артынан келип сүзгөн. Жеңил автоунаанын ичинде айдоочусу жана бир аял келе жаткан.

Кырсыкка күбө болгондордун айтымында, жүргүнчүлөрдүн арасында оор жарат алгандар жок. Ошондой эле айдоочулар, катарлаш келе жаткан эки унаанын аралыгы жакыны болгондуктан "Фольксвагендин" айдоочусу түстүү чырактын жашылы күйүп өчүп жаткан учурда жолдон өтүп кетиши керек эле деген пикирлерин билдиришти.

Окуя болгон жерге МАИ кызматкерлери чакырылды.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223855

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.