Футбол: "Дордой" АФК президент Кубогунун финалдык раундуна чыкты

  13.05.13   11:06
 229

Кыргызстандын чемпиону "Дордой" үч матчты катары менен утуп, АФК президент Кубогунун финалдык раундуна жолдомо алды.

Азия футбол конфедерациясынын расмий сайты билдиришинче, "Дордой" тандоо турундагы үчүнчү матчын филиппиндик "Глобалга" алты топ удаасы менен киргизип, беттешүүнү жеңип чыкты. Атаандаш бишкектиктердин дарбазасына бир да топ кайтара алган жок.

Кыргызстандык менен филиппиндик чемпиондорунун беттеши 12-майда Себу шаарында өткөн.

Эске салсак, дордойлуктар алгачкы матчын пакистандык "КРЛ" менен ойноп, 1:1 эсеби менен жыйынтыкташкан. Экинчи оюнда бутандык "Йедзинге" тогуз жоопсуз топ киргизишкен.

Белгилей кетчү нерсе, тандоо турун төр группага бөлүнгөн 12 команда катышкан. "Дордой" В группасында Пакистан, Бутан жана Филиппиндин чемпиондору менен ойногон.

В группасынын баардык оюндарынын жыйынтыгында "Дордой" 7 упай топтоп алдыда келе жатат. Андан кийин 7 упай менен пакистандык "КРЛ", 3 упай филиппиндик "Глобал" топтосо, бутандык "Йедзин" группанын аутсайдери болду.

Натыйжасында, "Дордой" АФК президент Кубогунун 2013-жылы 23-29 сентябрда өтө турган финалдык раундка жолдомо алды.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223856

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.